Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан алыс, өтө алыс, мурда көрүп-билбеген, белгисиз. Кулак угуп, көз көргүс Белге жумшап жатыптыр («Эр Төштүк»). Же бир кулак угуп, көз көргүс жерде болсочу (Саатов). Деле кулак угуп, көз көргүс жерге оолактап кетеличи? дейт аялы (Осмоналиев). В.: Кулак укпаган, көз көрбөгөн. Ошо бойдон калган тукумун сактап, кулак укпаган, көз көрбөгөн бир жерлерге кетип калган экен (Айтматов). Көз көргүс. Көз көргүс жакка кетсемби, мазарым айнып турат. Көз көрүп, кулак уккус. Төртөөбүз кол кармашып көз көрүп, кулак уккус жакка кетебиз (Жантөшев).